Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды – ИА Караван Инфо
Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 74-чакырым аралыгында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу бүгүн, 7-март күнү саат 15:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле аталган унаа жолдун 85-87 чакырым аралыгына жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымына чейинки аралыктарында кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралып жаткандыктан, тиешелүү мекемелерди күчөтүлгөн режимге өткөрүү максатында Чаткал районунун акиминин №62-б буйругунун негизинде аба ырайы турукташканга чейин чектөө киргизилди. 

34-101-чакырымдарында ИИМ кызматкерлери тарабынан атайын посттор уюштурулду.

Булак: https://caravan-info.kg

error: