Ала-Букада түнү көчөдө жүргөн 21 өспүрүм кармалды
Ала-Бука районунун аймагында “Түнкү өспүрүм” рейди өткөрүлүп, анын алкагында саат 22:00дөн кийин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Рейд учурунда райондун аймагында жалпы 21 жаш өспүрүм балдар аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып, аларга Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, эскертүүлөр берилди.
Рейддин максаты район аймагында жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштарды болтурбоо, аларды ар кандай жаман көрүнүштөрдөн кайтаруу болуп саналат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
