Астана, 2026-жылдын 7-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги . Италиянын Милан шаарында 10-кышкы Азия оюндарын Казакстанда өткөрүү боюнча келишимге кол коюу аземи өттү. Документке Азия Олимпиадалык кеңеши менен Казакстан Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин ортосунда кол коюлду. Аземге Казакстандын УОК президенти Геннадий Головкин катышты.

Сауд Арабиясына алгач 2029-жылкы оюндарды өткөрүү укугу 2022-жылы берилген. Бирок, кийинчерээк Сауд Арабиясынын Олимпиада жана Паралимпиада комитети Азиянын Олимпиадалык кеңеши менен биргеликте мелдештин белгисиз мөөнөткө жылдырылганын жарыялаган. Андан кийин спорт чөйрөсүндө Азия оюндарын Алматыда өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтар пайда болгон. Миланда келишимге кол коюу 2029-жылкы кышкы Азия оюндары Казакстанда өтөөрүн расмий түрдө тастыктады.
Сүрөт: Улуттук борбор
