Дүйшөмбү күнү, 11-ноябрда кечинде Амстердамдын борборунда массалык демонстрацияларга тыюу салынгандан кийин кайрадан тополоң чыкты. Шаардын борборуна полиция тартылып, кырдаалды көзөмөлдөө үчүн тик учак тартылды.

Палестинаны жактаган кыймылдар менен байланышы бар демонстранттар полиция менен кагылышты. Тополоңдо трамвай өрттөлгөн (өрт учурунда анын ичинде эч ким болгон эмес), унаалар жана дүкөндөрдүн айнектери талкаланган. Трамвайдагы өрт бат эле өчүрүлдү.
Милиция митингчилерди таркатууда, бир нече адам камакка алынды, бирок кармалгандардын так саны азырынча айтыла элек. Митингдерге тыюу салынганына карабай, Амстердамда нааразылык акциялары 8-ноябрга караган түнү Аякс менен Маккаби футболдук беттешинен кийинки кагылышуудан бери токтой элек. Ошол окуялардын натыйжасында баш аламандыктын бир нече ондогон катышуучулары кармалган.
Сүрөт: aljazeera.com