Анкарада «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү – ИА Караван Инфо
Анкарада «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү

Түркиянын Анкара шаарында 29-январжа Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган дипломатиялык кабыл алуу жана кыргыз режиссеру Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» аттуу көркөм тасмасынын көрсөтүлүшү болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу мезгилине карата уюштурулуп, ошондой эле Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү максатында өткөрүлдү.

Мындан тышкары көркөм тасманын көрсөтүлүшү Кыргыз Республикасынын демилгеси менен кабыл алынган жана жыл сайын БУУ тарабынан белгиленген «Эл аралык тоо» күнүнө арналган.

Иш-чарага Түркиянын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жана өкүлдөрү, Түркия парламентинин өкүлдөрү, чет мамлекеттердин элчилери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган кыргызстандык мекендештер катышты.

Иш-чаранын ардактуу коноктору Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер жана Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын ички иштер боюнча комиссиясынын төрагасы, мурдагы Ички иштер министри Сулейман Сойлу болушту.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Казакбаев кинокөргөзмөнүн ачылышында «Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» аталышында өтө турган Кыргызстандын Түрк Мамлекеттер Уюмуна төрагалык мезгилиндеги пландары  тууралуу, ошондой эле Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары алдына койгон максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди.

Элчи Р.Казакбаев ошондой эле тоолуу экосистемаларды сактоонун жана колдоонун маанилүүлүгүнө жана бул контекстте Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгелерине көңүл бурду. Планетанын калкынын жарымына жакынынын бакубаттуулугу тоолордо камтылган суу, азык-түлүк жана энергетикалык ресурстардан көз каранды экенин белгиледи.

Дипломатиялык корпустун элчилерине жана өкүлдөрүнө Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн концепциясы жана пландары тууралуу кеңири маалымат камтылган брошюралар берилди.

Иш-чаранын алкагында түрк өлкөлөрүнүн маданий мурастарын, жаратылыш өзгөчөлүктөрүн чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, кыргыздын улуттук тамак-аштары жана суусундуктары коюлган фуршет уюштурулду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: