Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженери Айбек Калмаматов Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Эске салсак, буга чейин бул аймакта бир нече жолу таш кулап, жолду тосуп, асфальтты талкалаган.
Калмаматовдун айтымында, бул 99 чакырым узундуктагы участок нөлдөн баштап курулган. “Мурда ал жерде жол болгон эмес, ал тоо кыркалары менен тик капталдардан өтөт. Анда бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлдү. Ооба, кээ бир жергиликтүү аймактар тайгак жана кулаган таштар бар, бирок учурда Транспорт министрлиги тарабынан жолду тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө, бул массаларды кармап туруу жана таштарды мажбурлап түшүрүү үчүн жасалма инженердик курулуштарды куруу пландаштырылууда”, – деди ал.
Ал министрлик жакын арада көйгөйдү толугу менен жоерун белгиледи.