Арал жана Сосновка постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди – ИА Караван Инфо
Арал жана Сосновка постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка (саат 19:00дөн тарта) жана Токтогул районунун Арал өткөрмө бекеттеринде (саат 19:45де) оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Чектөөлөр Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгынын болтурбоо максатында киргизилген. 

ӨКМ унаа жолдогу абал боюнча жана кырсык болгон учурда “112” номерине чалууга чакырат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: