"Асман" авиакомпаниясынын учагы алгачкы ирет Бишкек-Талас багыты боюнча асманга көтөрүлдү
Бүгүн Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында маанилүү окуя болду – мамлекеттик “Асман” авиакомпаниясынын учагы Бишкек-Талас багыты боюнча биринчи техникалык рейсин ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Учуу авиакомпаниянын үзгүлтүксүз учууларды баштоого даярдоо программасынын алкагында уюштурулган.
Учактын техникалык персоналы жана экипажы учуудан баштап конууга чейинки учуунун бардык этаптарын кылдаттык менен иштеп чыгышып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана коммерциялык эксплуатацияга даярдыгын ырасташты.