Ата-мекендик калыстар Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын семинарына катышууда
Ташкент шаарында 20-январда Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын калыстары үчүн семинар старт алды.
Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, ал БАФАга мүчөлүк кылган өлкөлөрдөн 23 калыстардын катышуусу менен өтүүдө.
Ата-мекендик калыстар корпусунун атынан аталган семинарга Абдыкадыров Нурзатбек, Тайчиев Медербек, Алимов Зайниддин, Жакыпбеков Санжар, Кадырова Малика жана Доолоткелди уулу Сейит катышууда.
Семинар алкагында калыстар оюн эрежелери боюнча теориялык жана практикалык тесттерди тапшырышты.
Окуу 24-январга чейин уланып, VAR-системасын колдонуу боюнча темаларды камтыйт.
Белгилесек, бул окууда Бахадыр Кочкаров инструктордук милдетти аткарууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/