Ата-мекендик калыстар корпусу жаңы оюн сезонуна даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Калыстар теориялык жактан жана фитнес боюнча атайын тест тапшырышты. Ал калыс жана калыс жардамчылардын теориялык билимин жана физикалык даярдык деңгээлин текшерип, жаңы футбол сезонунун алдында окуу-машыгуу жыйын өткөрүү үчүн орун алды.
Тест алгач өлкөнүн түштүк тарабында өткөрүлүп ага Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунан келген жалпы 43 калыс өттү. Ал эми Бишкек шаарында өткөн тестирлөөгө 57 калыс катышты.
КФБнын кеңсесинде орун алган тестирлөөдөн кийин, 2025-жылкы ФИФАнын калыстар тизмесине кирген адистерибизге эл аралык федерациянын атайын белгилери тапшырылды.
Быйылкы тизмеге 6 ата-мекендик калыс жана 8 калыс жардамчы кирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/