Азамат Жамангулов санариптик өнүктүрүү министринин м.а. болуп дайындалды – ИА Караван Инфо
Азамат Жамангулов санариптик өнүктүрүү министринин м.а. болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Жамангулов Азамат Саадатбекович КР санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ведомствонун жамаатына министрдин милдетин аткаруучусу Азамат Жамангуловду тааныштырды. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: