Ажикеев ӨКМ 2024-жылы канча техника сатып алганын айтты – ИА Караван Инфо
Ажикеев ӨКМ 2024-жылы канча техника сатып алганын айтты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2024-жылы 64 даана техника менен камсыз болду. Бул тууралуу министр Бообек Ажикеев билдирди. 

“Мунун баары биздин бийликтин, президент Садыр Нургожоевичтин бул тармакка олуттуу карап жатканынан болууда. Мамлекет башчы кырсыктарды алдын алууга дыкат көз салат жана катуу талап коет. Бул бизди дайым даярдыкта болууга милдеттендирет. Мисалы, буга чейинки үч жылда биз 700 даана техника сатып алсак, 2024-жылы 64 техникалуу болдук”, – деди министр. 

Айтымында, ӨКМ Япония, Германия сыяктуу өлкөлөрдө өндүрүлгөн техникалар сатып алынууда. Жакында эле шатысы 52 метрге көтөрүлгөн  “Исузу” үлгүсүндөгү  өрт өчүрүүчү унаа алынган. Министр белгилегендей, бул абдан жогорку сапаттагы техника, баасы 1 миллион доллар. Учурда бул техника Бишкек шаарында пайдаланылууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: