Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Мектептик билим берүүнү өнүктүрүү программасы жөнүндө макулдашууну ратификациялады.

Буга чейин, 2024-жылдын 27-июнунда мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Макулдашуулар мектепте жана жогорку окуу жайларында илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен бардык предметтер боюнча окутуу ыкмаларын өркүндөтүүнү камтыйт.
Мындан тышкары, документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2021–2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашырууну колдоо үчүн финансылык каражаттарды бөлүүнү карайт.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Макулдашуулар санариптик чөйрөнү өнүктүрүүнү, санариптик окутууну жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү, студенттердин билимин жана компетенциясын өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоону, педагогикалык кадрларды өнүктүрүү жана алардын потенциалын өнүктүрүү, мугалимдердин кесиптик жана карьералык өсүшүнүн эффективдүү моделин киргизүү, окутуунун сапатын жогорулатууну камтыйт.
Кол коюлган Келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасы 40 миллион доллар алыш керек, анын 20 миллиону гранттык негизде, дагы 20 миллиону кредиттик негизде.