Бүгүндөн баштап “МЭА” эми “Кыргызстан аэропорттору” ААК деп расмий түрдө өзгөрдү – ИА Караван Инфо
Бүгүндөн баштап "МЭА" эми "Кыргызстан аэропорттору" ААК деп расмий түрдө өзгөрдү

Бүгүнкү күндөн баштап “Манас” эл аралык аэропорту ААК эми “Кыргызстан аэропорттору” ААК деп расмий түрдө өзгөрдү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди.

Анын айтымына караганда, бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү, ал эми өлкөнүн борборундагы башкы аба майданы “Манас” эл аралык аэропорту деп аталып кала берет.

“Мындай өзгөртүү өлкөнүн бардык аэропортторун бир бренддин алдына бириктирүү, өнүктүрүү боюнча мекемебиздин стратегиялык багытын чагылдырат”, – деп кошумчалады ал.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: