Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 199 диаспоралык уюму 20дан ашык өлкөдө жашайт.
Диаспоралардын эң көп саны КМШ өлкөлөрүндө – 135:
Европа өлкөлөрүндө 37 диаспора иштейт, Түркияда – 7, Германияда- 10, Италияда – 9, Улуу Британияда-2, Чехияда, Нидерландыда, Бельгияда жана Бенилюкс өлкөлөрүндө, бирөө Австрияда, Францияда, Литвада, Словакияда жана Швейцарияда.
Дагы 13 диаспоралык уюм Азия жана Чыгыш өлкөлөрүндө – Кореяда, Японияда жана Малайзияда жашашат , Канадада -5 жана АКШда-8.
Африка өлкөлөрүндө Египетте бирден гана диаспора бар.
Министрлик тарабынан диаспоралык уюмдар менен иштөө, анын ичинде коопсуз миграция боюнча консультация берүү, юридикалык жана башка жардамдар жүргүзүлүүдө.
Бул үчүн коомдук өкүлдөр институту түзүлгөн, алар эмгек мигранттарына консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүшөт, анын ичинде полиция бөлүмдөрүндө, сот жана мамлекеттик органдарда алардын кызыкчылыгын көздөшөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/