Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Монголиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, 2025-жылдын 17-январында 82 жашында дүйнөдөн кайткан Монголиянын биринчи президенти Пунсалмаагийн Очирбаттын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Монголия элине, ошондой эле Пунсалмаагийн Очирбаттын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Президент Очирбат көрүнүктүү мамлекеттик ишмер гана болбостон, Кыргызстандын жакын досу да болгон. Анын биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын баалабай коюуга болбойт. Анын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат”, – деп МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов жазуу калтырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/