Бакыт Сыдыков Өзбекстандын элчиси менен экономикалык кызматташууну бекемдөөнү талкуулады – ИА Караван Инфо
Бакыт Сыдыков Өзбекстандын элчиси менен экономикалык кызматташууну бекемдөөнү талкуулады

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Өзбекстандын КРдагы элчиси Саид Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Министр элчини маанилүү кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча ишенимин билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташуусунун приоритеттүү багыттарын талкуулашты.

Бакыт Сыдыков биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын эки өлкөнүн соода көлөмүн жогорулатууда жана биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашырууда негизги кыймылдаткыч күч боло аларын баса айтты.

Өзбек тарап өз кезегинде экономикалык кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, соода мамилелерин өнүктүрүү, технологиялар боюнча тажрыйба алмашуу жана артыкчылыктуу тармактарга инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарын айтты. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган демилгелерди ишке ашыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы байланышты мындан ары бекемдөө боюнча иштерди улантуу макулдашылды. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: