Балыкчыда жаңы калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди
Балыкчы шаарына жаңы заманбап калкты тейлөө борбору курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Курулуш иштери фонд тарабынан каржыланып, 2022-жылдын күз айларында башталган.
Объектинин жалпы бүткөрүлгөн суммасы 6 млн 953 миң 100 сомду түздү.
“Учурда курулуш толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Буга чейин шаардык атайын калкты тейлөө борборунун имараты болгон эмес. Жаны имараттын салынышы жергиликтүү тургундар үчүн ынгайлуу шарттарды түзүп, калкты тейлөө сапатынын жогорулашына өбөлгө болмокчу”, – деп айтылат маалыматта.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/