Башкы прокурордун биринчи орун басары Б. Маатовдун төрагалыгы алдында, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын” ишке ашырууга арналган жыйын болуп өттү.
Жыйында, аталган стратегиянын алкагында коррупцияны ооздуктоо боюнча мыйзамдарды жакшыртуу, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу менен эффективдүү механизмдерди иштеп чыгуу чаралары талкууланып, мыйзамдарды модернизациялоо, процесстерди санариптештирүү, мамлекеттик чыгымдарды контролдоону күчөтүү маселелери белгиленди.
Мындан сырткары, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында мыйзамдарга киргизилген коррупция үчүн жоопкерчиликти катаалдантуу чаралары тууралуу өзгөртүүлөр талкууланды.
Ошону менен катар, учурда Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, стратегияны натыйжалуу ишке ашыруу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/