Башкы прокурор АКШнын элчиси менен жолугушту. Эмнени талкуулашты? – ИА Караван Инфо
Башкы прокурор АКШнын элчиси менен жолугушту. Эмнени талкуулашты?

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укуктук үстөмдүктү камсыздоо, жарандардын укуктарын коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүүгө жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар прокуратуранын ишине заманбап технологияларды, эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин талкуулашып, тажрыйба алмашуу жана окуу тренингдерди өткөрүү маселелерине көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багытта активдүү диалогду жана кызматташууну улантууга ишенимдерин билдиришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: