Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Талас облусуна иш сапары менен барды.
Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, сапардын алкагында Башкы прокурор жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп, арыз-кайрылууларын кабыл алып, алар менен ачык пикир алмашуу өткөрдү.
Жолугушууда, тургундар социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар, ошондой эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелерди көтөрүштү. Башкы прокурор жарандардын арыз-муңдарын чечүүдө укук үстөмдүгүн камсыз кылуу прокуратура органдарынын негизги милдети экенин баса белгилеп, ар бир кайрылуу мыйзамда белгиленген тартипте кылдаттык менен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
Иш сапардын алкагында Башкы прокурор М.Асаналиев Талас областынын прокуратура органдарынын иштөө шарттары жана кызматкерлеринин турмуштук абалы менен таанышты. Ал социалдык жана турмуштук маселелерге көңүл буруларын, Талас областындагы прокуратура кызматкерлерине ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү үчүн тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/