Баткен облусунда жалпы аянты 3 гектар жер мамлекетке кайтарылды – ИА Караван Инфо
Баткен облусунда жалпы аянты 3 гектар жер мамлекетке кайтарылды

2018-жылы Баткен шаарындагы жер тилке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: