Баткен облусунун башчысы дарыгерлерди коррупциядан алыс болууга үндөдү
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов облустук оорукананын дарыгерлери менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жыйында өкүл ооруканага кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык жардам көсөтүү башкы милдет экенин белгилеп, тийиштүү жетекчилерге бул багытта бир катар тапшырмаларды берди.
Аны менен катар Кыргызстандын мыйзамына киргизилиген жаңы өзгөртүүлөр боюнча да айтып, коррупциядан алыс болууга үндөп чакырды.
Мындан сырткары өкүл облустук ооруканада жеткиликтүү шарт жоктугунан, алдыда бардык шарты бар, заманбап оорукананы куруу үчүн долбоорлор даярдалып жатканын белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/