КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов БУУнун Аялдар түзүмүнүн жаңы дайындалган жетекчиси Садик Сайед, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө коомдо жана экономикада аялдардын ролун жогорулатуу маселесин талкуулашкан.
Ошондой эле тараптар айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана гендердик теңчилик багытында кызматташуулар уланарына ишеним артышкан.
Андан тышкары, тараптар аймакта социалдык туруктуулукту камсыз кылуу багытында бир канча маселелерди талкуулашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/