Баткен облусунун башчысы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын жашоочулары менен жолукту – ИА Караван Инфо
Баткен облусунун башчысы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын жашоочулары менен жолукту

Анда тургундар сугат суу, таза суу, жол, бала бакча, спорттук зал  маселелерин көтөрүп, көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоо,  Боз-Кара-Кыштак каналын бүткөрүү зарылчылыгын белгилешти.

Облус башчысы ар бир айыл аймак инвестиция тартуу үстүндө тынымсыз изденүү керектигин белгилеп, Үч-Коргон айыл аймагы багбанчылык менен дыйканчылык өнүккөн аймак болгондуктан, ишкерлерди мөмө -жемиштерди кайра иштетүү жаатында кеңири  мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырды. Ошондой эле өнүгүүгө багытталган бардык долбоорлор  колдоого алынаарын айтты.

Аны менен катар турак жайга муктаждардын көйгөйүн чечүү, спорттук залдарды куруу, жол коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелерине токтолду. 

Айыл өкмөт башчысынын айтымында, 2024-жылдын 9 айында аймактын өнүгүүсү үчүн  32 млн сомдук жумуштар аткарылып, каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

error: