Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти Баткен жана Ош облустарындагы кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын алкагында кайра иштетүүчү заводдордун учурдагы абалы, өндүрүштүк кубаттуулугу жана иштөө натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, өлкөнүн түштүк аймактарында кайра иштетүү тармагынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган системалык көйгөйлөрдү аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул демилге кайра иштетүү секторунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу жана ишканалардын ишин оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар комплекси иштелип чыгат.
Белгилей кетсек, бул иш-чаранын максаты кайра иштетүүчү ишканалардын инвентаризациясын жүргүзүү жана алардын ишмердүүлүгүндөгү учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо болуп саналат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/