Баткенде гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүүдө – ИА Караван Инфо
Баткенде гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүүдө

Сарыктын В түрүн алдын алуу максатында Баткен облусунун аймагында акысыз эмдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, буга чейин жарандар гепатиттин В түрүнө каршы вакцинаны сатып алып жүргөн. Учурда мамлекеттик программанын негизинде эмдөө акысыз жасалат.

Ал эми облус аймагына келген вакцинаны сактоо үчүн жетиштүү шарт түзүлгөн. Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда заманбап кампа салынып, ичинде бардык келген вакциналарды сактоо үчүн муздаткычтар менен камсыздалган.

Бүгүнкү күнгө чейин кампага жалпы 71 миң 100 доза вакцина келген.

Учурда 12 миң 497 адам толук эмдөөдөн өтүштү. Үч доза менен эмделген адам, толук эмдөөдөн өткөн болуп эсептелет.

Мындан сырткары, 22 миң 900 доза вакцина резервте бар.

Ошондой эле гепатиттин В,С, Д түрүн аныктоо үчүн изилдөөлөр да акысыз жасалат. Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда, заманбап жабдуулар менен жабдылган лаборотория ишке кирген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: