Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-2 айылында турмуш-тиричилик мүнөзүндөгү жарылуу болгон. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Окуя 2025-жылдын 5-январында болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуунун себеби — эски курулуш материалдарынын арасынан табылган белгисиз жарылуучу зат (снаряд).
2022-жылы жаран А.Н. үйү аткылоодон улам күйүп кеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, үй ээси навестеги эски курулуш материалдарын жана темирлерди тазалап жаткан учурда белгисиз жарылуучу затты (снарядды) таап алып, ал жарылып кеткен. Жарылуунун натыйжасында А.Н. жана анын жанында болгон 12 жаштагы кызы сыныктардан жаракат алышкан.
Азыркы учурда жабыркагандар ооруканада, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Ден соолугу туруктуу деп сыпатталууда.
Жарылуу болгон жер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын инженерлери тарабынан дароо курчоого алынган.
Ошондой эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барып, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугушуп, тажик тарапка окуя тууралуу маалымат берилди.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы чек арага чектеш аймактардын тургундарын сак болууга жана шектүү заттарды тапкан учурда аларга тийбей, дароо чек ара бөлүктөрүнө же укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/