Баткенде калк саламаттыгын сактоого багытталган иш-чаралар өтүүдө – ИА Караван Инфо
Баткенде калк саламаттыгын сактоого багытталган иш-чаралар өтүүдө

Баткен облусунун аймагында “Жугуштуу эмес оорулар жана анын кесепети” жөнүндө окутуулар өтүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, катардагы кызматкерлер катышууда.

Аталган иш чаралар жергиликтүү бийлик органдары менен Айылдык ден соолук комитеттеринин ортосунда байланышты чыңдап, алардын ишин илгерилетүүгө багытталган.

Иш чаранын күн тартибине ылайык, катышуучуларга туура тамактануу боюнча маалыматтар берилип, ар бир жарандын саламаттыгы текшерилүүдө. Кандагы канттын деңгээли, бой жана салмактары ченелип саламаттыгынын абалы жөнүндө жыйынтыгы айтылууда. Андан сырткары жүрөк кан тамыр ооруларынын тобокелдигине жараша дарыгерлер кеңештерин берип жатат.

Жыйында АДКны колдоо жана калк саламаттыгын сактоо боюнча бир канча пикир алмашуулар болууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: