Баткенде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилүүдө – ИА Караван Инфо
Баткенде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилүүдө

Баткен облусунда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилүүдө, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, өлкөнү санариптештирүү программасынын алкагында КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана БУУнун өнүктүрүү программасынын кызматташуусунун натыйжасында, Баткен облусундагы муниципалдык ишканаларга техникалар тапшырылды.

Иш-чарага катышкан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тимур Мадяров, “БУУнун техникалык колдоосу, санариптештирүүнү илгерилетүүгө жана кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга жардам берет” деген ишеничин билдирди.

Бүгүнкү күндө аймакта санарип системалар ишке киргизилип, алгачкы оң натыйжаларын көрсөтүп баштады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Раззаков шаарынын “Исфана Таза Суу” муниципалдык ишканасынын “билинг” системасын ишке ашыруудагы тажрыйбасы, натыйжалары тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, акыркы учурда “биллинг” системасы сыяктуу санариптик чечимдер өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Алар жарандардан төлөмдөрдү жыйноону жакшыртып, иштин ачыктыгын камсыздап, калктын ишенимин арттырууда.

Учурда долбоорго облустун 29 шаар, айыл аймак жана айылдары кирген. Аларда таштанды чыгаруу, ичүүчү суу, сугат суу жана башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алууда электрондук ыкмаларды колдонуу колго алынууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: