Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-2 айылында турмуш-тиричилик мүнөзүндөгү жарылуу болгон. Окуя 2025-жылдын 5-январында катталган. Саламаттык сактоо министрлигинен жабыркаган эне-баланын абалы тууралуу маалымат беришти.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 5-январда саат 17:00дө тез жардам кызматы аркылуу Кулунду райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна эки бейтап түшкөн.
Дарыгерлер аларда дароо хирургиялык жардам көрсөтүшкөн, учурда эки бейтаптын тең абалы туруктуу.
Бүгүн, 6-январда тиешелүү адистердин катышуусунда консилиум өткөрүлгөн. Кошумча диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын алдын ала берген маалыматына таянсак, жарылуунун себеби — эски курулуш материалдарынын арасынан табылган белгисиз жарылуучу зат (снаряд).
2022-жылы жаран А.Н. үйү аткылоодон улам күйүп кеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, үй ээси навестеги эски курулуш материалдарын жана темирлерди тазалап жаткан учурда белгисиз жарылуучу затты (снарядды) таап алып, ал жарылып кеткен. Жарылуунун натыйжасында А.Н. жана анын жанында болгон 12 жаштагы кызы сыныктардан жаракат алышкан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/