Баткенде жубайлар ортосунда чыр чыгып, аялы ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 31-декабрында түнкү саат 00.46 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын 31 жаштагы И.Ч. (аял киши) денесинен жараат алып түшкөндүгү боюнча маалымат түшөт.
Бул маалымат Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертизаларды дайындаган.
Сурак учурунда жабырлануучунун күйөөсү 32 жаштагы М.Б. 2024-жылдын 30-декабрь күнү аялы менен пикир келишпестиктен уруша кеткендигин билдирген.
Учурда аялдын абалы туруктуу орто, ал өзүнүн көрсөтмөсүндө өзүнө өзү кол салгандыгын, эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирген.
Азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/