Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети 2,7 млн. сомго музыкалык аспаптарды сатып алды – ИА Караван Инфо
Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети 2,7 млн. сомго музыкалык аспаптарды сатып алды

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети 2,7 млн. сомго музыкалык аспаптарды сатып алды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жаңы аспаптар 9-январда искусство факультетине тапшырылды.

“Эң акыркы үлгүдөгү музыкалык аспаптар атайын буйрутманын негизинде алынып келинди. Буга чейин окуу жайда аталган аспаптар жетишсиз болуп келген. Жакынкы күндөрдө виолончель өңдүү аспаптар дагы Германиядан алып келинет”, – деп айтылат маалыматта. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: