Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Исакова Чынаркул Курманалиевна 59 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Исакова Чынаркул Курманалиевна Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Он-Арча айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине тапшырган.
Эмгек жолун 1989-жылдын сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде архивист болуп иштөөдөн баштаган. 1991-жылдын январынан 2013-жылга чейин №64 мектеп-гимназиясында иштеген. 2013-жылдан баштап Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси болуп дайындалган.
Исакова Чынаркул Курманалиевна мыкты жана абийирдүү адам болгон. Өзүнүн адистиги боюнча чоң тажрыйбага жана кеңири практикалык билимге ээ болгон. Өз ишинде дайыма жогорку натыйжаларга жетишип, өз үлгүсү менен кесиптештерин кубаттап турган.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жамааты маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/