Билим берүү министрлиги: окуучулардын каникулун узартууга негиз жок – ИА Караван Инфо
Билим берүү министрлиги: окуучулардын каникулун узартууга негиз жок

Окуучулардын кышкы каникулун узартууга негиз жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартуу жөнүндө чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин так анализинин жана корутундусунун негизинде кабыл алынат.

Азырынча мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартууга негиз жок.

Эске сала кетсек, 2024-2025-окуу жылына Базистик окуу планына ылайык мектеп окуучуларынын кышкы каникулу эки аптага созулат, 3-чейрек 13-январда башталат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: