Бишкек мэриясы ЕӨРБнан алган 31,7 млн. сомдук карызды мөөнөтүнөн мурда төлөп бүттү – ИА Караван Инфо
Бишкек мэриясы ЕӨРБнан алган 31,7 млн. сомдук карызды мөөнөтүнөн мурда төлөп бүттү

Бишкек шаарынын мэриясы Европа өнүктүрүү жана реконструкцииялоо банкы (ЕӨРБ) тарабынан алган карыздын 31,7 млн сомун мөөнөтүнөн мурда төгүп, карызды толук жапты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымына караганда, 2017-жылы 25 млн евро кредит алынып, аны 2025-жылдын 25-мартына чейин төлөш керек болчу.

“Мындан сырткары, өзүнүн каражатына сатып алып жаткан техникалардын кезектеги партиясы келди. Бул кар күрөп, туз сепкен жана жайында жолдорду жууган универсал унаалар (20 даана), анан дагы кар чогултуучу атайын үч унаа.

Белгилей кетсек Бишкек мэриясы өткөн жылы буга чейин болуп көрбөгөндөй ар кыл багыттагы автопаркын жаңылап алды.

Карыздарды да жаап, ошол эле учурда атайын техникаларды массалык түрдө сатып алып жатышы (жалпы 200дөн ашык) буга чейин бюджеттик акча каражаттары же максатыз сарпталып же желип кетип жатканынан кабар берет десек болчудай”, – деди ал. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: