Муниципалитеттин имаратында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Феайдын жолугушуусу өттү.
Мэриядан билдиришкендей, элчиси сылык сапары менен келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Тараптар маданий-билим берүү долбоорлорун колдоого, искусство жана маданият тармагында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууга багытталган эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
«Бишкек шаарынын мэриясы кызматташууга даяр. Муниципалитет маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүгө ар дайым жардам берип келген жана көрсөтө берет, ошондой эле билим берүү тармагы менен кызматташууга даяр», – деп белгиледи мэрдин орун басары Виктория Мозгачева.
Жолугушуунун соңунда тараптар бул багыттар боюнча кызматташуу оң натыйжаларды берип, достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.