Күн мурун 29-январда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу иштери башталды. Бул иш-чаранын алкагында 500 түп тянь-шань карагайы отургузулду.
Иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан уюштурулуп, директордун орун басары Талантбек Садыров, КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
ӨК министри Бообек Ажикеевдин демилгеси жана Токой кызматынын директору Мураталы Тагаевдин тыкыр көзөмөлүндө өткөрүлгөн бул иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, ошондой эле жол боюн жашылдандырууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, быйыл Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолдун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу өнөктүгү пландаштырылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/