Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда оор жүк ташуучу жана 5 жеңил унаа күйүп кетти
Ысык-Көл облусундагы Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда бүгүн унааларды ташып келе жаткан оор жүк ташуучу фурадан өрт чыккан.
ӨКМден кабарлашкандай, тилсиз жоодон оор жүк ташуучу жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү 5 жеңил унаа толугу менен күйүп кетти.
Өрттөн АI AiDi үлгүсүндөгү 2 унаа сакталып калды.
Жерине 9 өрт өчүрүүчү жана жол инспекторлору тартылды.
Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/