Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол жеңил унаалар үчүн ачылды
Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланып, “Сосновка” постунда жеңил унааларга киргизилген чектөө саат 17:00дө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1200 метр кубду түзгөн.
Кар көчкүнү тазалоого эки жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүздү. Тоо-кен куткаруу кызматынан эки куткаруучу тартылган.
Аталган постто оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды алыс жолго чыкпай турууну, жолдо жүрүүдө сактык чараларына көңүл бурууну жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/