Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү алдында калган 5 унаа чыгарылды – ИА Караван Инфо
Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү алдында калган 5 унаа чыгарылды

Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшкөн кар көчкү атайын техникалардын жардамы менен тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Көчкү астында калган 5 жеңил унаа чыгарылды, жабыркагандар жок.

“Азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал эми буга чейин “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө”, – деп айтылат маалыматта. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турганын белгилейт. Ар бир Жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: