“Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери жаңы униформа алды
Эми “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы кышкы униформа менен иштейт, деп кабарлайт Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.
Кызматкерлер үчүн 365 комплект форма сатып алынган, ал ишкананын логотибиндеги түстөрдүн гаммасында: сары, жашыл жана күрөң.
Кийимдер коопсуздук үчүн жолдордун кооптуу бөлүктөрүндө иштеп жаткан кызматкерлердин айкын көрүнүшү үчүн жарыкты чагылдырган кездемелер менен тигилген. Мындан тышкары, формалар кыш мезгилине ылайыкташып, жылуулукту кармайт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/