Бишкекте АФКнын «А» категориясындагы дарбазачылардын окуусу аяктады – ИА Караван Инфо
Бишкекте АФКнын «А» категориясындагы дарбазачылардын окуусу аяктады

Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде 21-декабрда Азия футбол конфедерациясынын «А» категориясындагы дарбазачылардын машыктыруучулары үчүн дайындалган окутуу жыйынтыкталды.

КФБнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, катышуучулар дипломдорго ээ болушту.

Окутууга жалпы 11 машыктыруучу катышты.

Окутууну Ирандан келген адис Жалал Башарзад өткөрдү, ал эми ага биздин ата мекендик адис Закир Джалилов жардам көрсөттү.

Окутуу 7-октябрда старт алып, жалпы 3 модулдан турду. Программа теориялык, практикалык сабактарды камтыды.

Белгилей кетсек, АФКнын «А» категориядагы курстар даражасы боюнча эң жогорку болуп эсептелинип, ал Кыргызстанда алгачкы жолу орун алды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: