Бишкектеги М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде 7-яевралда «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталарынын барельефтери» көчө көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган музейден кабарлашты.
Көргөзмөгө кирүү акысыз.
Байыртадан мамлекеттин түптөөчүлөрүн «аталар» деп атоо салты бар жана бул салт терең тарыхый тамырларга ээ. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» жөнүндө тууралуу жарлыгында өлкө алдында өзгөчө эмгек сиңирген саясий элитанын өкүлдөрү – улуттук лидерлер: Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевдин ысымдары атап көрсөтүлүп, аларга «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталар» деген наам ыйгарылган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/