Билим берүү жана илим министрлигинде 24-январда Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоору талкууланды.
Талкууга министрдин орун басарлары: Надира Эусупбекова, Расул Абазбек уулу, Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, педагогикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын максаты – жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде предметтик стандарттарды иштеп чыгууга карата талаптарды жөнгө салуучу бирдиктүү документти түзүү.
Министрдин орун басары Надира Жусупбекова жаңы стандарттын иштелип чыгышын “тарыхый учур” деп атады. “Биз стандарттарды бирге талкуулап жатабыз, анткени дал ушул окуу жайлар бала бакчалар жана мектептер үчүн педагогдорду даярдайт. Кудай буюрса, силер өз программаларыңарды карап чыгып, аларга маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизесиңер”, – деди ал.
Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Улан Мамбетакунов иш-чаранын катышуучуларына мектепке чейинки билим берүүнүн стандарты боюнча презентация жасады.
Андан соң Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева жалпы билим берүү стандарттары тууралуу презентация кылды.
И. Арабаев атындагы КМУнун Билим берүү программаларынын сапатын мониторингдөө жана лицензиялоо департаментинин башкы адиси Кенжегүл Кыдыкбаева жаңы стандартты ийгиликтүү ишке ашыруу билим берүүнүн бардык деңгээлдери тыгыз байланышта болгондо гана мүмкүн экенин белгиледи.
“Мектепке чейинки, жалпы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү бири-бирине байланыштуу. Биргелешкен талкуу гана мазмундуу жана сапаттуу стандартты түзүүгө мүмкүндүк берет”, – деди К. Кыдыкбаева.
Жаңы стандарт педагогдорду даярдоонун сапатын жакшыртууга негиз болот, бул бүткүл өлкө боюнча балдардын билим деңгээлине таасирин тийгизет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/