Бишкекте балдардын Кардиохирургиялык борборунун курулушу башталды – ИА Караван Инфо
Бишкекте балдардын Кардиохирургиялык борборунун курулушу башталды

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча улуттук изилдөө институтунун базасында 13-сентябрда балдардын Кардиохирургиялык борборунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Борбор балдардын тубаса жана пайда болгон жүрөк ооруларын диагностикалоого жана хирургиялык дарылоого адистешет. 

Имарат беш кабаттуу болуп, 75 адамга ылайыкташкан. Долбоордун жалпы суммасы 375 млн сом. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат. 

Борборду 2025-жылдын март айында ишке берүү пландалган. 

error: