Бишкекте чылым чегүүгө каршы рейд жүрүүдө. Айып 200 миң сомду түздү
Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте рейддик иш-чараларды өткөрдү.
Рейд учурунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талабын бузган, тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар текшерилди.
Жалпысынан 30 объект текшерилип, 4 протокол түзүлүп, 12 санитардык көрсөтмө берилди. «Balagan», «Sarya», «Grammy» жана «Дым Востока» аттуу жайларга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/