Бишкекте ДААДдын регионалдык өкүлчүлүгү ачылат – ИА Караван Инфо
Бишкекте ДААДдын регионалдык өкүлчүлүгү ачылат

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) Борбордук Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, доктор Гизела Циммерманндын жолугушуусу болуп өттү.

КРнын Германиянын элчилигинен кабарлашкандай, жолугушууда Кыргызстан менен DAAD ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев DAAD менен кызматташуу Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Кызматташуу жылдарында көптөгөн кыргызстандык студенттер, аспиранттар жана жаш окумуштуулар Германияда окуп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзө алышты. Университеттин окутуучулары Германиянын университеттеринде иш тажрыйбасын алып турушат.

Г.Циммерманн Кыргызстан жана региондун өлкөлөрү менен мындан аркы ийгиликтүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жакынкы арада резиденциясы Бишкек шаарында жайгашкан DAADдын регионалдык өкүлчүлүгү ишин баштаарын билдирди.

Тараптар мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: