Бишкекте дагы бир жаңы сквер пайда болду – ИА Караван Инфо
Бишкекте дагы бир жаңы сквер пайда болду

Мэр Айбек Жунушалиев административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган “Көк-Жар” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы жаңы скверге барды.

Мэриянын маалыматына караганда, буга чейин бул жерде башаламан унаа токтотуучу жай болгон. Демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен парктын курулушу бүткөрүлдү.

Эми досторуңуз, жакындарыңыз менен сейилдей турган дагы бир аянтча түзүлдү.

Бул жерде автоматташтырылган сугат системасы, отургучтар, кичи фонтан жана жарыктандыруу орнотулган.

 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: