Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында 28-сентябрда Гаэтано Доницеттинин “Театрдагы тартип жана тартипсиздик” же Viva. La mamma! эки актыдан турган опера (комедия-фарс) болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, маданияттын кызматкерлери жана көрүүчүлөр катышты.
Гаэтано Доницеттинин эң ийгиликтүү комикалык операларынын бири болгон “Театрдагы тартип жана тартипсиздикте” белгилүү операны коюуга даярданып жаткан провинциялык италиялык театрдын көшөгө артындагы жашоосун баяндайт.
Пьесадагы көрүнүш бүгүнкү күндөргө жакындап, көрүүчүлөргө 21-кылымдын катаал күндөрдү кечирип жаткан опера театрынын жашоосун көрсөттү.
Бир нече жолу Европа сахналарында ийгилик жараткан спектакль бул ирет кыргыз коомчулугуна тартууланып, көрүүчүлөрдү жана театр сынчыларын кайдыгер калтырган жок.
Спектаклди россиялык жаш артисттер Александра Аптовцева жана Сейтек Мухтаров аткарышкан.
Дирижёру жана режиссеру КР Эл артисти Нурматбек Полотов, коюучусу россиялык Михаил Марченко, хормейстери КР Эл артисти Карагул Тиленчиев, балетмейстери КР Эл артисти Айзада Тумакова болду.
Комедиялык эффекттерге бай спектакль 5-6-октябрь күндөрү да көрсөтүлөт.